Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 5898
02 июнундагы 2025
Виталий Вовк: "ЕАЭБ алкагында станок-инструменталдык продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү мүчө мамлекеттердин колдоосун талап кылат"
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басарлары Виталий Вовк жана Лаура Садыкова "Металл иштетүү-2025" металл иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулардын, приборлордун жана аспаптардын эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө катышышты. Көргөзмөнүн жана анын аянтчасында өтүп жаткан "Инвестициялар. Өнүгүү. Кооперация" эл аралык соода-өнөр жай конгрессинин иш-чараларынын алкагында өз кубаттуулуктарында өтө маанилүү себилдегичтерди өндүрүүнү өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди. ЕЭК өкүлдөрү станок-инструменталдык продукциянын белоруссиялык жана россиялык өндүрүүчүлөрү менен жолугушту. "Азыр Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн станок куруу ишканаларын адистештирүү, биринчиден, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү болгон себилдегичтерди өндүрүүнү жолго салуу, экинчиден, ички атаандаштыкты түзбөө үчүн өзгөчө маанилүү", — деп баса белгиледи Виталий Вовк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө. Ал ошондой эле азыркы этапта евразиялык станоктордун жана себилдегичтердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Бирлик өлкөлөрүн буйрутмаларды камсыз кылуу жана даяр продукцияны сатууга кепилдиктерди берүү жагында олуттуу колдоо зарыл экенин белгиледи. Блоктун өкүлдөрү көргөзмөнүн катышуучуларына өнөр жай кооперациясын каржылоо механизми жөнүндө айтып берип, аларды мүчө мамлекеттердин ишканаларынын кооперациялык чынжырына кошулууга чакырышты.
02 июнундагы 2025
ЕАЭБ ширелерди өндүрүү үчүн тропикалык жемиштерден жасалган пюрелерге алып келүү бажы алымдарын убактылуу нөлгө түшүрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши банан, манго, киви, нектарин пюрелерине, ошондой эле шабдалы, өрүк жана алмуруттарга карата алып келүү бажы алымдарынын убактылуу нөлдүк коюмдарын белгилеген. "Бул жемиштерден алынган концентрацияланган пюре шире продукциясын, анын ичинде балдар тамак-ашын өндүрүү үчүн колдонулат. Бирок алардын көпчүлүгү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагында өспөйт же өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн жетишсиз санда өсөт. Буга байланыштуу бизнес импорттук өндүрүштүн чийки затын сатып алууда, аларга баалар акыркы жылдары кыйла өстү", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Ошол эле учурда ал чаранын иштөө мөөнөтү ЕАЭБ мамлекеттеринде жеке багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаларды эске алуу менен эсептелгенин жана пюрелердин ар кандай түрлөрү үчүн бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөттү түзөрүн баса белгиледи. Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
02 июнундагы 2025
ЕЭК Кеңеши 2026-жылдын аягына чейин жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүнө алып келүү бажы алымынын ченин жогорулатууну жактырды
ЕЭК Кеңеши 2026-жылдын аягына чейин жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүнө алып келүү бажы алымынын ченин жогорулатууну жактырды Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши "пахта жиптеринен басылгандан башка төшөнчү шейшептерине" карата алып келүү бажы алымынын ченин 12%га чейин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 6302 21 000 0), бирок 1 кг үчүн 0,44 евродон кем эмес 2026-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды. "Кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы төшөнчү шейшептерин өндүрүү үчүн жип бизге негизинен үчүнчү өлкөлөрдөн келе тургандыгын эске алуу менен атамекендик ишканаларды кошумча колдоого мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. Ошол эле учурда ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү өз мүнөздөмөлөрү боюнча импорттук төшөнчү шейшептеринен кем калбаган продукцияларды чыгарышарын жана кеңири ассортиментти сунуштаарын баса белгиледи. Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
02 июнундагы 2025
Тамак-аш продукциясына карата техрегламентке стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр күчүнө кирди
2-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тарабынан 2024-жылдын декабрында кабыл алынган, Евразия экономикалык бирлигинин тамак-аш продукциясына карата техникалык регламентке стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Өзгөртүүлөргө ылайык, ыктыярдуу колдонуу стандарттарынын тизмеги 17 мамлекеттер аралык стандарт менен, ыкмаларга стандарттардын тизмеги – бир мамлекеттер аралык стандарт менен толукталды. 10 мамлекеттер аралык стандарттар актуалдаштырылган редакцияда баяндалган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 14 улуттук стандарттары алынып салынды, анткени алардын негизинде тийиштүү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыккан. Өзгөртүүлөр Комиссия тарабынан ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген эл аралык жана регионалдык (мамлекеттер аралык) стандарттардын тизмелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин 36-пунктунун "б" пунктчасын эске алуу менен Бирлик өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштарынын негизинде даярдалган.
01 июнундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Никол Пашинянды мааракеси менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды 50 жылдык мааракеси менен куттуктады. "Сиз Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келесиз", – деп айтылат куттуктоо катында. Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүнүн атынан Никол Пашинянга чың ден соолук жана Армениянын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн андан аркы жетишкендиктерди каалады.
30 майындагы 2025
Бахыт Султанов: "Жасалма интеллектти пайдалануу менен укук ээлеринин укуктарын коргоонун ортосундагы кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо зарыл"
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикасынын ар кандай тармактарына жасалма интеллектти (ЖИ) киргизүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов Astana International Forumда айтып берди. Бахыт Султанов форумдун "Жасалма интеллект доорундагы интеллектуалдык менчик" панелдик сессиясында сүйлөп жатып, ЖИ жардамы менен жаралган чыгармаларга карата укуктарды жана жоопкерчиликти чектөө маселелерине токтолду. Ал авторлукту аныктоодогу татаалдыктарга, ошондой эле илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө жасалма интеллект технологияларын колдонууну жөнгө салуу үчүн так эрежелерди жана ченемдик актыларды иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Бахыт Султанов бул чөйрөдө эл аралык стандарттарды жана макулдашылган ык- амалдарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ЕАЭБ өлкөлөрү улуттук мыйзам чыгаруу демилгелерин түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышканын белгиледи: Казакстан 2024-2029-жылдарга ЖИ өнүктүрүү концепциясын кабыл алган, Беларусь жасалма интеллект жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууда, ал эми Россияда 2030-жылга чейин Улуттук стратегия ишке ашырылууда. Министр дүйнөлүк коомчулукта ЖИ жардамы менен түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды укуктук коргоо жана сактоо маселелери кеңири талкууланып жаткандыгына көңүл бурду. Евразиялык интеграциялык бирикменин алкагында "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыгууда, ал мындай объекттерди укуктук коргоого карата мүмкүн болгон ыкмаларды иштеп чыгууну камтыйт. "Ошону менен катар жасалма интеллектти колдонуу менен укук ээлеринин укуктарын коргоо ортосунда кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо маанилүү", – деп белгиледи Бахыт Султанов. Форумдун алкагында ЕЭК министринин Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору Дарен Танг менен жолугушуусу болуп өттү. Уюмдардын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташуу талкууланды, интеллектуалдык менчикти коргоо жана сактоо контекстинде Евразия экономикалык интеграциясына арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды. "Комиссия контрафактылык продукцияларды жүгүртүү тенденцияларын жана ЕАЭБде интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга каршы күрөшүү практикасын туруктуу негизде көзөмөлдөп турат. Биз жыл сайын отчет даярдайбыз, анда мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар жана укук колдонуу практикасын жакшыртуу боюнча сунуштар камтылат", – деп билдирди Бахыт Султанов. ЕЭК министри ошондой эле Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) башкы директору Эми Поуп менен жолугушту. Бүгүнкү күндө Комиссия жана МЭУнун регионалдык кеңсеси биргелешкен билдирүүнүн үстүндө иштеп жатышат, анын негизин – уюмдар ортосундагы аракеттеги Кызматташтык жөнүндө меморандум жана ага ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү кошулган Коопсуз, тартиптүү жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишим түзөт.
30 майындагы 2025
ЕАЭБ өлкөлөрү жалпы энергия рынокторун калыптандыруу маселелери боюнча позицияларды жакындатууда
30-майда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында мүчө мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин отуруму болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн энергетика министрликтеринин жетекчилери мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Арзыбек Кожошев тараптардын конструктивдүү диалогго даяр экендигин белгиледи: "Мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча эл аралык келишимге тез арада кол коюу максатында тараптар үчүн сезимтал маселелер боюнча чечимдерди издөө эки тараптуу негизде да, жогорку деңгээлде да улантылат". ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери жалпы энергия рынокторунун иштешинин айрым маселелерин жөнгө салуу боюнча эки тараптуу консультациялардын алкагында өз ара иштешүүнү күчөтүүнү сунушташты. Ошондой эле отурумда Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушу талкууланды, анда Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштешине карата мамилелердин олуттуу өзгөрүүлөр болжолдонот. Отурумдун катышуучулары Казакстан Республикасы тарабынан болжолдогон тобокелдиктерге милдеттүү каржылык-экономикалык баа берүү маселесин кылдат иштеп чыгуу зарылдыгын жана учурдагы шарттарда ички энергетикалык рынокторду коргоо үчүн инструменттердин жетиштүүлүгүн көрсөтүштү. Арзыбек Кожошев Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү бөлүгүндө олуттуу оң натыйжаларды белгиледи: "Азыркы учурда рыноктун иштешинин дээрлик бардык ченемдик базасы бекитилди, регламенттер менен кошулуу жөнүндө келишим олуттуу деңгээлде даярдалды. Рыноктун интеграциялык аспекттери үчүн, анын ичинде экономиканын реалдуу секторуна электр энергетикасынын кеңири таасиринен улам абдан маанилүү болгон аспектилерди калыптандыруу жана иштешин камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүү зарыл". Казакстандык тарап талдоо үчүн зарыл болгон маалыматты бергенден кийин, эксперттер сунушту карап чыгууга кайтышат.
30 майындагы 2025
ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн динамикасынын өзгөрүүсүн белгилейт
Экономикалык өнүгүүнүн дал келген жана алдыга кеткен индикаторлорун эсептөөнүн жыйынтыктары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн динамикасынын өзгөргөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт. Евразия экономикалык комиссиясынын баалоосу боюнча, 2025-жылдын июнунда интеграциялык бирикменин көпчүлүк мамлекеттеринин экономикасында басаңдоо күтүлүүдө, ошол эле учурда Казакстандын экономикасы ишкердик жигердүүлүктүн жогорулоо фазасына өтөт. Азыркы учурда Казакстандын жана Россиянын экономикалары басаңдоо фазасында калууда, ал эми Арменияда, Беларуста жана Кыргызстанда ишкердик жигердүүлүктүн өсүшү байкалууда. Алдыга кеткен индикаторлор Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кыска мөөнөттүү келечекте евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө ишкердик активдүүлүктүн өзгөрүү динамикасынын багыты жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу үчүн колдонулуучу болжолдоо инструменти болуп саналат. Алар экономикалык агенттердин жүрүм-турумун жана экономиканын негизги тенденцияларын көрсөткөн кыска мөөнөттүү процесстер жөнүндө эң маанилүү маалыматтарды топтошот.
Дагы көрсөтүү